Перуда куш тумоосу эпидемиясынан миңдеген деңиз арстаны да өлдү

CNNдин кабарына караганда Перудагы мамлекет тарабынан коргоого алынган улуттук аймактар ​​кызматы (SERNANP) H5N1 деп билинген куш тумоосунун өлкөдө көп сандаган түргө жайылганын жарыялады.

1956181
Перуда куш тумоосу эпидемиясынан миңдеген деңиз арстаны да өлдү

Перуну таасири астына алган куш тумоосу эпидемиясынан куштар менен бирге миңдеген деңиз арстаны да өлдү.

CNNдин кабарына караганда Перудагы мамлекет тарабынан коргоого алынган улуттук аймактар ​​кызматы (SERNANP) H5N1 деп билинген куш тумоосунун өлкөдө көп сандаган түргө жайылганын жарыялады.

Канаттуулардын  арасындагы эпидемиянын биринчи учуру чыккан 2022 - жылдын ноябрь айынын аягынан бери 63 миң канаттуунун өлгөнүн белгилеген SERNANP кызматкерлери өлүмдөрдүн башка түрлөргө да жайылгандыгын белгилешти.

Жетекчилер ушул кезге чейин Перу жээктеринде куш тумоосунун айынан өлгөн жана түрүнүн 3 пайызына тең келген 3 миң 487 Перу деңиз арстаны аныкталгандыгын билдиришти. Өзгөчө куш тумоосуна байланыштуу 5 тюлендин өлгөндүгү да катталды.

Куш тумоосу АКШда да көп сандаган куш жана сүт эмүүчүнүн өлүмүнө  себеп болду.

Окумуштуулар 2022 - жылдын аягынан бери АКШда өрдөк, чардак, каз, жана үкү сыяктуу жапайы канаттуулардын 100дөн ашык түрүндө куш тумоосу вирусунун катталганын билдиришти. АКШда куш тумоосу аюу, түлкү, сүлөөсүн, енот жана дельфин сыяктуу сүт эмүүчүлөрдө да кездешилгендиги билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус адамдар үчүн куш тумоосу коркунучунун аз экендигин билдиргенине карабастан аз санда  болсо да адамдарга да жуккандыгы айтылууда. 



Тектеш кабарлар