Нидерландияда эң көп заказ кылынган тамак дөнер
Бул тамактын өлкөдө чет элдиктер жашаган жерлерге караганда өзгөчө нидерландиялыктар жыш жашаган аймактарда тандалганы белгиленди.
Нидерландияда 2022-жылы интернетте эң көп заказ кылынган тамак түрктөрдүн капсалон дөнери болду.
Фри, дөнер кебаб, чеддер сыры, салат жана соустан турган бул тамактын өлкөдө чет элдиктер жашаган жерлерге караганда өзгөчө нидерландиялыктар жыш жашаган аймактарда тандалганы белгиленди.
Аксарайдан Нидерландияга барып бул жерде ресторан ачкан Дервиш Бенгү, капсалонду алгач 2003-2004-жылдары кошунасынын буйрутмасы менен даярдап, кийинчерээк өнүктүргөн.
Дөнер кебабды мыкты жсаган түрктөр бул тамакты Нидерландияда жайылткандыктан капсалон түрк тамагы катары билинип, тааныла баштаган.
Капсалон көп өтпөй өлкөдө популярдуулукка ээ болгон.
Алгач Роттердамдагы ресторандарга тараган капсалондун атагы Нидерландиядан кийин Бельгия, АКШ жана Индия сыяктуу өлкөлөргө чейин жеткен.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.