Ким Йо Чжон өлкөсүнүн ракеталык сыноолору тууралуу маалымат берди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чжон өлкөсүнүн ракеталык сыноолорунун АКШ тарабынан бөгөттөлүшү  «согуш жарыялоо» деп эсептелерин билдирди.

1956123
Ким Йо Чжон өлкөсүнүн  ракеталык сыноолору тууралуу маалымат берди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чжон өлкөсүнүн ракеталык сыноолорунун АКШ тарабынан бөгөттөлүшү  «согуш жарыялоо» деп эсептелерин билдирди.

Йонхаптын Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук маалымат агенттигине таянып берген кабарына караганда, АКШ жана Түштүк Кореянын бардык аскердик иштерин жакындан иликтенгендигин белгилеген Ким Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракета учура турган болсо  АКШнын  дароо атып түшүрөрүнө байланыштуу кабарларына жооп берди.

Ким Корея жарым аралында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөргөн АКШ жана Түштүк Кореянын өлкөлөрүнө карата бардык аракеттерине «эселентүү» менен жооп берүүгө даяр экендерин белгиледи.

Түндүк Кореянын ракета сыноолорунун АКШнын юрисдикциясынын тышында экенин айткан Ким : «Коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна зыян келтирбестен  ачык сууларда жана абада стратегиялык курал сыноолорубузга аскердик жооп кайтаруу Түндүк Кореяга каршы «согуш жарыялоо» болуп эсептелет»,-деди.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө жарым аралда катуу физикалык кагылышуу болушу мүмкүн экендиги  эскертилип, Америка Кошмо Штаттарына Түштүк Корея менен өткөргөн биргелешкен аскердик машыгууларын токтотууга чакыруу салынды.

Билдирүүдө эл аралык коомчулуктун АКШ жана Түштүк Кореянын согуштук машыгууларды дароо токтотуу үчүн кадам таштоосу жана Түндүк Кореянын аймактагы «тынчтыкчыл аракеттерине» салым кошуусу керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар