Испаниянын El Pais гезити грек полициясынын абийирин төктү

Гезит грек маалымат сайты Solomon менен кызматташтыкта ​​жүргүзүлгөн изилдөөдө мыйзамсыз мигранттар, түрдүү бейөкмөт уюмдар, мекемелер, адистер жана Мерич (Марица) дарыясынын чек арасында жашагандар менен маектер өткөрүлгөнүн баса белгилеген.

1956006
Испаниянын El Pais гезити грек полициясынын абийирин төктү

Испаниянын алдыңкы гезиттеринин бири болгон El Pais грек полициясынын 2017-2022-жылдар аралыгында Түркияга кайтарылган мыйзамсыз мигранттардан 2 миллион евродон ашык акча же баалуу буюмдарды уурдаганын жазды.

Гезит грек маалымат сайты Solomon менен кызматташтыкта ​​жүргүзүлгөн изилдөөдө мыйзамсыз мигранттар, түрдүү бейөкмөт уюмдар, мекемелер, адистер жана Мерич (Марица) дарыясынын чек арасында жашагандар менен маектер өткөрүлгөнүн баса белгилеген.

Испаниялык гезит 2017-2022-жылдар аралыгында Грециянын коопсуздук күчтөрү тарабынан Мерич чек арасынан 20 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант Түркияга кайтарылганын жазган.

Грециядан Түркияга кайиарылган убакта бул иммигранттардын 374 учуру катталганына көңүл бурган кабарда булардын 232синде уурулук болгону белгиленди.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы уурулукту Грециянын бийликтери жасаганын ачык көрсөттү»деген кабарда : «Европа Биримдигинин чыгыш чек арасы болгон Грецияга тартипсиз түрдө кирген иммигранттардын башпаанек өтүнүчү же камоо документтери жазылбастан, полиция бөлүмүнө, аскер казармаларына же бош кампаларга алып келинген бул кишилердин зордук-зомбулук мамилесине туш болушканын» жазган.

Кабарда төмөнкүлөр белгиленди: «Мыйзамсыз иммигранттар үйлөмө кайыктар менен Түркияга жөнөтүлгөнгө чейин алардан акчасы жана буюмдары алынган. Топтолгон маалыматтарга караганда, акыркы 6 жылда Грециянын коопсуздук күчтөрү 2ден 2,8 миллион еврого чейин акча же уюлдук телефондору, шакектери, сөйкөлөрү, билериктери, сааттары сыяктуу баалуу буюмдарды тоногон. Аймакта иштеген бейөкмөт уюмдарда катталбаган маалыматтарды эске алганда бул сумма алда канча көп болушу мүмкүн».

Докладда мыйзамсыз мигранттарды талап-тоноо «системалуу тактикага айланганы» баса белгиленген.

2017-жылы Грециядан Түркияга мыйзамсыз мигранттарды жөнөтүү учурунда болгон окуялардын 11 пайызы гана алардын акчасын уурдоо менен байланыштуу болсо, 2022-жылы бул көрсөткүч 92 пайызга жеткени белгиленди.



Тектеш кабарлар