Италиянын премьер-министри Мелони Бириккен Араб Эмирликтеринде
БАЭнин расмий кабар агенттиги WAM билдиргендей, президент Аль Нахайян Италиянын премьер-министри Мелонини борбор шаар Абу-Дабидеги Аль-Шати сарайында кабыл алды.
1954849
Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян өлкөсүнө иш сапары менен келген Италиянын премьер-министри Жорджия Мелони менен “эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү куруу жана кызматташтыкты бекемдөө” маселелерин талкуулады.
БАЭнин расмий кабар агенттиги WAM билдиргендей, президент Аль Нахайян Италиянын премьер-министри Мелонини борбор шаар Абу-Дабидеги Аль-Шати сарайында кабыл алды.
Аль Нахайян менен Мелони аймактык жана эл аралык окуяларды, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда өзгөчө эки өлкө үчүн маанилүү орток маселелер да талкууланды.