Иракта түркмөндөргө карата кол салуулар болууда

Ирак Түркмөн фронтунун коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ахмет Тахир Керкүк шаарында унаасына жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен каза болду.

1954836
Иракта түркмөндөргө карата кол салуулар болууда

Иракта түркмөндөргө каршы жасалган кол салууларга жаңысы кошулду. Ирак Түркмөн фронтунун коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ахмет Тахир Керкүк шаарында унаасына жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен каза болду.

Ирак Түркмөн фронтунун төрагасы Хасан Туран кол салууну айыптап, кол салуунун артында террордук уюм ПККнын бар экендигин  айтты. Хасан Туран : "Мунун артында террордук уюм ПКК бар. Анткени биздин маалымат булактарыбыз Ирак мамлекетине тиешелүү чалгындоо булактары. Алардан бизге келген телеграммаларда ПККнын бир канча убакыттан бери бизди бутага алганы айтылууда",- деди. 

Хасан Туран Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиге кайрылып, Эс-Суданиге жасалган кол салууга байланыштуу  иликтөөнү баштоого чакырды.

Туран Керкүктө аскердик лагерь куруп, түрдүү бейөкмөт уюмдардын атына жамынып иш алып барган террордук уюм ПККнын тез арада шаардан чыгарылышын талап кылды.

Түркия да кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич сөз болгон террордук кыймылдын Ирактын негиздөөчүсү жана негизги элементи болгон түркмөндөрдүн тынчтыгын жана коопсуздугун көздөгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Билгич Ирак бийликтеринен кол салууну жасагандарды тез арада аныктап, аларды жоопко тартуусун күткөндөрүн баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар