Малайзияда сел жүрдү

128 чукул жардам борборуна болжол менен 35 миң кишинин эвакуацияланганы белгиленди.

1954501
Малайзияда сел жүрдү

Малайзиянын ар кайсы аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырлар себеп болгон сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 3кө жетти.

Улуттук табигый кырсыкты башкаруу агенттигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде түзүлгөн 128 чукул жардам борборуна болжол менен 35 миң кишинин эвакуацияланганы белгиленди.

Метеорология департаменти болсо катуу муссон жамгырларынын жекшембинин түнүнө чейин таасирин тийгизе турганын эскертти.



Тектеш кабарлар