Германияда мамлекеттик кызматкерлердин иш таштоосу

Германияда айрым аймактарда мамлекеттик кызматкерлер өткөргөн "чоң эскертүү иш таштоосу" коомдук транспортту бир топ үзгүлтүккө учуратты.

1954634
Германияда мамлекеттик кызматкерлердин иш таштоосу

Германияда айрым аймактарда мамлекеттик кызматкерлер өткөргөн "чоң эскертүү иш таштоосу" коомдук транспортту бир топ үзгүлтүккө учуратты. 

Бириккен кызмат сектору профсоюзунун чакыруусуна баш ийген мамлекеттик кызматкерлер  Түндүк Рейн-Вестфалия, Гессен, Баден-Вюртемберг, Саксония, Төмөнкү Саксония жана Рейнланд-Пфальц штаттарындагы бала бакчалар, муниципалдык ооруканалар, таштанды чогултуучу борборлор, автобустар менен жеңил рельстүү унаалар сыяктуу коомдук турмуштун бир нече тармагында иш таштоолор болду.

Профсоюздун  чакыруусу менен уюштурулган эскертүүчү иш таштоосу бир нече аймакта өзгөчө коомдук транспортту үзгүлтүккө учуратты.

Эскертүү иш таштоо меенн жергиликтүү жана федералдык мамлекеттик секторго жамааттык келишимдик кысымды күчөтүүгө багытталууда.

Иш берүүчүлөр федералдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин эмгек акысын 5 пайызга жогорулатууну жана бир убакта жалпысынан 2500 еврону сунушташкан, бирок профсоюздар бул сунушту жетишсиз деп четке каккан.

Профсоюздар айлык акыны 10,5 пайызга көбөйтүүнү же айына кеминде 500 евро кошумча көбөйтүүнү талап кылышууда.

 

 



Тектеш кабарлар