Нед Прайс өлкөсүнүн  Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан жол бербей турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Ирандын атомдук программасы маселесин туруктуу түрдө чечүүнүн жолу дипломатиядан өткөндүгүн айтты.

1953632
Нед Прайс өлкөсүнүн  Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан жол бербей турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс өлкөсүнүн  Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан жол бербей турганын билдирди.

Нед Прайс күнүмдүк пресс  - жыйынында  Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) Ирандын Фордо өзөктүк объектисинде 83,7 пайыз байытылган уран бөлүкчөлөрүн аныктаганы жөнүндөгү отчетуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

Прайс : "Президент Жо Байдендин Ирандын эч качан атомдук курал ээси болбой тургандыгына байланыштуу олуттуу жана чечкиндүү убадасы бар. Мунун болушуна эч качан уруксат бербейбиз",- деди. 

Ирандын атомдук программасы маселесин туруктуу түрдө чечүүнүн жолу дипломатиядан өткөндүгүн кайталаган Прайс : «Ирандын өзөктүк программасы жараткан маселелер үчүн  туруктуу чечим табууну каалайбыз. Буга жетишүүнүн негизги жолу дипломатия деп эсептейбиз. Бирок Ирандын эч качан өзөктүк куралга ээ болбошу үчүн бардык зарыл болгон каражаттарды колдоно турганыбызды ачык билебиз",- деди. 



Тектеш кабарлар