Блинкен Лавров менен сүйлөштү

Блинкен менен Лавровдун сүйлөшүүсү 10 мүнөттөй созулду.

1954089
Блинкен Лавров менен сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Индиянын борбор шаары Нью-Делиде Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында кыска сүйлөштү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, Блинкен менен Лавровдун сүйлөшүүсү 10 мүнөттөй созулду.

Атын атабоону суранган америкалык бир жетекчи, Блинкендин кесиптеши Лавровго АКШнын согуш аяктаганга чейин Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта турганын айтканын билдирди.

Блинкендин Орусиянын «Жаңы START» өзөктүк келишиминен чыгуу чечиминен баш тартышын каалаганын белгилеген жетекчи, АКШнын мамлекеттик катчысынын Москванын АКШ жараны туткун Пол Уиланды бошотуу талабын да Лавровго жеткиргенин айтты.

Америкалык жетекчи, жолугушуудан кийин Блинкендин Орусиянын позициясында жакынкы келечекте кандайдыр бир өзгөрүү болот деген ойдо эмес экенин маалымдады.

Бир тараптан Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова ТАСС маалымат агенттигине Блинкен менен Лавровдун Чоң жыйырмалыктын экинчи сессиясынын алкагында чогуу баратып сүйлөшкөнүн айтты.

Захарова: «Блинкен Лавров менен байланышкысы келди. Лавров басып баратып (Блинкен менен) сүйлөштү. Эч кандай талкуу, жолугушуу жана ушуга окшогон нерселер болгон жок»,- деди.



Тектеш кабарлар