Нигерияда жаңы мамлекет башчысы Тинубу болду

Болжол менен 206 миллион калктуу Нигерияда президенттикке 18 талапкер ат салышты.

1953204
Нигерияда жаңы мамлекет башчысы Тинубу болду

25 – 26 -  февралда Нигерияда болгон мамлекет башчысын шайлоодо бийликтеги партия Бардык прогрессивдүү конгресс (APC) партиясынын талапкери, Лагостун мурдагы губернатору Бола Ахмед Тинубу утуп чыкты.

Көз карандысыз Улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Махмуд Якубу берген билдирүүсүндө Тинубунун 8 миллион 794  миң 726 добуш алгандыгын айтты.

Якубу Тинубунун эң чоң атаандашы негизги оппозициядагы Элдин демократиясы партиясынын талапкери Атику Абубакардын 6 миллион 101 миң 533 добуш алгандыгын белгилеп, Жумушчу партиясынын талапкери Петер Обинин 6 миллион 984 миң 520 добуш алгандыгын билдирди.

Федералдык система менен башкарылган Нигерияда президенттик шайлоодо жеңүү үчүн ар бир талапкер борбор шаар Абуджа аймагында жана 36 штаттын 24үндө 25 пайыз добуш алышы керек.

Тинубу 12 штатта шайлоодо жеңип, 18 штатта 25 пайыз добушка ээ болду. Негизги оппозициядагы Элдин демократиясы париясы да 12 штатта биринчи орунду ээледи, ал эми Жумушчу партиясы 11 штатта жана федералдык борбор шаар аймагында  биринчи болду.

Болжол менен 206 миллион калктуу Нигерияда президенттикке 18 талапкер ат салышты.



Тектеш кабарлар