Экватордук Гвинеяда Марбург вирусунан каза болгондордун саны 11ге жетти
Саламаттыкты сактоо министри Митоха Ондо Айекаба билдирүү жасап, Марбург вирус оорусунан улам дагы 2 кишинин каза болгондугун жарыялады.
Экватордук Гвинеяда 14 - февралда биринчи жолу катталган Марбург вирусунан улам дагы 2 адамдын каза болушу менен вирустан каза болгондордун саны 11ге жетти.
Саламаттыкты сактоо министри Митоха Ондо Айекаба билдирүү жасап, Марбург вирус оорусунан улам дагы 2 кишинин каза болгондугун жарыялады.
Каза болгондор менен байланышта болгон 48 кишинин аныкталганын белгилеген Айекаба алардын ичинен 7 кишинин байкоо астында экендигин айтты.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму 14 - февралда өлкөнүн батышындагы Ки-Нтем штатында кеминде 9 адам каза болгондон кийин вирустук геморрагиялык ысытма тесттеринин оң чыккандыгын жарыялады.
Тектеш кабарлар
Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты
Аба ырайынын өзгөрүшү өткөн жылы 85 өлкөдө 242 миллион баланын билим алуусун үзгүлтүккө учуратты.