Россия АКШны химикаттар боюнча айыптады

Россия АКШнын Украинада уулуу химикаттардын колдонулушу тууралуу көкүтүүчү кыймылдарды пландагандыгын билдирди.

1952820
Россия АКШны химикаттар боюнча айыптады

Россия АКШнын Украинада уулуу химикаттардын колдонулушу тууралуу көкүтүүчү кыймылдарды пландагандыгын билдирди.

Орус аскердик күчтөрүнө караштуу радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн командири Игорь Кириллов борбор шаар Москвада өткөн маалымат жыйынында АКШнын бейөкмөт уюмунун 22 - февралда Украинадагы окуяларга байланыштуу жыйын өткөргөнүн эске салды.

Кириллов АКШнын мурдагы Москва элчиси Жон Салливандын бул конференцияда сөз сүйлөгөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Кириллов : «Салливан бул жерде орус күчтөрүнүн атайын аскердик операция аймагында химиялык куралдарды колдонууну пландагандыгы тууралуу маалымат берди. Бул маалыматтар АКШнын жана кылмыш өнөктөштөрүнүн уулуу химикаттардын колдонулушу тууралуу Украинада бир провокация жасоо ниетинде деп эсептейбиз»,- деди.  

Бул үчүн даярдыктардын жүргүзүлгөндүгүн жактаган Кириллов : "10 - февралда чет элдик жарандардын коштоосунда поезддин вагонундагы химиялык заттар Краматорск шаарына (Украина) алып барылды. Бул вагон Краматорсктогу Куйбышев металлургия заводуна алып барылды. Химиялык заттар украиналык жетекчилердин көзөмөлүндө вагондон түшүрүлдү. Вагондо мөөр басылган 16 металл куту болгон. Булардын жарымында химиялык коркунуч белгиси, BZ деп жазылган жазуу жана кызыл эки сызык белгиси бар болчу»,- деп билдирди.

BZ химиясынын адамдарда ориентациянын бузулушуна, эс тутумунун начарлашына жана галлюцинацияга себеп болгонун айткан Кириллов сөз болгон заттын Химиялык курал конвенциясына ылайык колдонулушуна тыюу салынганына көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар