Кытай АКШны айыптады
Кытай Элдик-боштондук армиясынын Чыгыш фронту командирлиги билдирүү жасады.
Кытай Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Деңиз күчтөрүнүн аскердик чалгындоо учагынын Тайвань кысыгынан өтүшүн айыптап, бул аракет “аймактык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч туудурат” деп билдирди.
Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын Чыгыш фронту командирлигинин билдирүүсүндө, «P-8A Poseidon» үлгүсүндөгү суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы кайгуул учагынын кысыктын үстүндө учкандыгы, аскердик бөлүктөрдүн учакты аныктап байкоого алганы белгиленди.
Билдирүүдө учуунун “аймактык кырдаалга зыян келтиргени” жана “Тайвань кысыгындагы тынчтык менен стабилдүүлүккө коркунуч жаратканы” айтылды.
Кытай армиясынын күжүрмөн даярдыкта экени баса белгиленген билдирүүдө, «улуттук эгемендик жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө коргой турганы» маалымдалды.
Тайвань аралын жана Тайвань кысыгын өзүнүн аймагы катары көргөн Кытай АКШнын аймактагы аскердик күчүнө каршы чыгууда. АКШнын деңиз күчтөрүнүн аймактагы навигациялык жана чалгындоо иштери эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууга себеп болууда.