Францияда кургакчылык эскертүүсү

Өкмөт губернаторлорду чогултту.

1952712
Францияда кургакчылык эскертүүсү

Францияда өкмөт губернаторлорду, кургакчылыктан улам келип чыккан суунун тартыштыгын азайтуу үчүн чектөө чараларын көрүүнү эскертти.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Экологиялык өткөөл жана аймактык адаптация министри Кристоф Бечу, өлкөнүн негизги кургактык аймактарында таасирдүү болгон кургакчылык толкунун сүйлөшүү үчүн губернаторлор менен жолугушту.

Бечу кыш айларында да жаан-чачындын жетишсиздиги катталган өлкөдө, жайында кургакчылык ыктымалдуулугунун жогору болушунун себебинен губернаторлордон сууну үнөмдөө боюнча чараларды күчөтүүнү талап кылды.

Өкмөт бул жол картасынын алкагында 6-мартта губернаторлорду кайрадан чогултат.

Учурда өлкөнүн Айн, Исере, Буш-дю-Рон жана Пиреней-Чыгыш аймактарында кургакчылык коркунучу эң жогорку деңгээлде. Жетекчилер бул коркунучтуу кырдаал башка аймактар ​​үчүн да маанилүү бойдон калууда деген пикирде.

2022-жылы өзгөчө кургактык аймактарына жааган жамгырдын көлөмү өтө аз болгон өлкөдө жайында 700дөн ашуун муниципалитет кургакчылыкка байланыштуу суу тартыштыгын башынан өткөрдү.

Франциянын метеорология башкармалыгы, 21-январдан 22-февралга чейин өлкөдө 32 күн бою жаан-чачын болбогонун, мунун «1958-жылы 5-Республиканын түзүлгөнүнөн бери өлкөдөгү жаан-чачынсыз эң узак мезгил» катары катталганын билдирген.

Министр Бечу бул «Франция үчүн кооптуу абал» деп айткан.



Тектеш кабарлар