АКШ менен Кытайдын COVID-19 кризиси боюнча талаштары уланууда

Америкалык басылмалардын айтымында, Бернстин билдирүүсү федералдык агенттик эпидемия Кытайдын Ухань шаарындагы вирус лабораториясынан келип чыккан деген тыянак чыгаргандан бир күн өткөндөн кийин келди.

1952602
АКШ менен Кытайдын COVID-19 кризиси боюнча талаштары уланууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кытайдагы элчиси Николас Бернс Кытай жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) келип чыгышы жөнүндө «чынчылыраак» болушу керектигин айтты.

Америкалык басылмалардын айтымында, Бернстин билдирүүсү федералдык агенттик эпидемия Кытайдын Ухань шаарындагы вирус лабораториясынан келип чыккан деген тыянак чыгаргандан бир күн өткөндөн кийин келди.

Кытай болсо бул дооматтарга «Ковид-19 саясатташтырылбашы керек» деп жооп берди.

Дүйшөмбү күнү АКШнын Соода палатасынын иш-чарасында сөз сүйлөгөн Бернс: «Кытай үч жыл мурун Уханда болгон окуя жана COVID-19 кризисинин келип чыгышы жөнүндө чынчыл болушу керек»,-деди.

Жекшемби күнү АКШ медиасында чыккан кабарда АКШнын Энергетика министрлиги жашыруун чалгындоо отчетунда вирус лабораториядан кокусунан агып кеткен деген жыйынтыкка келгени айтылды.

Дүйшөмбү күнү кечинде бул темадагы суроолорго жооп берген Ак үйдүн Улуттук коопсуздук катчысы Жон Кирби, АКШ өкмөтүнүн бул темада так чечими жок экенин айтты.



Тектеш кабарлар