Түндүк Корея 4 канаттуу ракетасын учурду
Түндүк Корея аскердик машыгуунун алкагында 4 стратегиялык канаттуу ракетанын сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.
Түндүк Корея аскердик машыгуунун алкагында 4 стратегиялык канаттуу ракетанын сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине жана эл аралык санкцияларга карабастан, өзөктүк курал жана ракеталарды өнүктүрүү аракетин уланткан Түндүк Корея аймактагы чыңалууну күчөтүү үчүн дагы бир кадам таштады.
Бири биринин артынан баллистикалык ракета сыноолору менен Корей жарым аралында жана айланасында коопсуздук тынчсыздануусун арттырган Түндүк Корея бул жолу стратегиялык канаттуу ракеталарды учурду.
Түндүк Корея кечээ аскердик машыгуунун алкагында Кимчаек шаарынан Япон деңизи багытында 4 "Хвасал-2" канаттуу ракетасын учурду.
Мурунтадан белгиленген буталардын ийгиликтүү атылгандыгы белгиленип, стратегиялык канаттуу ракета бөлүктөрүнүн операциялык жөндөмдүүлүктөрүнүн ырасталганы жарыяланды.
Өткөн жылы 37 ракета сыноосун өткөргөн Түндүк Корея жаңы жылда ракеталык программасын улантып, жыл башынан бери 3 баллистикалык ракетасын сынады.