Россияда аскердик учак кырсыкка учурады

Су - 25 үлгүсүндөгү аскердик учактын Украина чек арасындагы Белгород аймагындагы аэропортко кайтып жатып кырсыкка учурагандыгы маалымдалды.

1950657
Россияда аскердик учак кырсыкка учурады

Россиянын аба күчтөрүнө таандык бир Су  - 25 үлгүсүндөгү аскердик учак кырсыкка кабылып, учкуч каза болду. Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта милдетин аяктаган су  - 25 үлгүсүндөгү аскердик учактын Украина чек арасындагы Белгород аймагындагы аэропортко кайтып жатып кырсыкка учурагандыгы маалымдалды.

Маалыматта учактын техникалык мүчүлүштүктөн улам кырсыкка учурашы мүмкүн экендиги белгиленди.

Министрлик учактын бош аянтка келип түшүшү менен аймакта чыгымга учуроонун болбогондугун жана учкучтун каза болгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар