Орусия Блинкендин Путин тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор калаа Москвада актуалдуу маселелер боюнча жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

1950429
Орусия Блинкендин Путин тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу билдирүүсүн «абсурд» деп билдирип: «Мамлекеттик катчы ушундай ойдо болсо, ал жетектеп жаткан министрлик үчүн кооптонуш керек»,-деди.

Мария Захарова борбор калаа Москвада актуалдуу маселелер боюнча жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

Блинкендин «Путин НАТО альянсын күчтөндүрүү үчүн дүйнөдө башкалардан көбүрөөк аракет кылууда» деген билдирүүсүнө карата Захарова мунун «абсурд» экенин айтты.

Захарова Блинкендин «жаман» юмор сезими бар экенин белгилеп: «Бул оорулуу, абсурд жана кемчиликтүү ой жүгүртүү. Эгер мамлекеттик катчы ушундай ойлосо, ал жетектеп жаткан министрлик үчүн коооптонуш керек»,-деп айтты.

НАТОнун тынымсыз кеңейип жатканын белгилеген Захарова мындай деп улантты: «2022-жылга чейин Москва НАТОну кеңейтип келдиби? Орусия менен НАТОнун ортосундагы келишимдин бузганы үчүн биз күнөөлүүбүзбү? Батыш бул келишимди бузду. Биз дагы күнөөлүүбүзбү? Ушундай жол менен акылсыздыктын чегине жете аласыз. Алар биздин планетабызды эбак эле бир абалга салып коюшкан. НАТО жылдар бою альянс катары тынымсыз кеңейип келди. Биз ар дайым бул тынчсызданууну жаратат жана анын кесепеттери болот деп айтып келгенбиз».

АКШнын президенти Жо Байдендин Украинага сапарын баалаган Захарова бул сапардын 2014-жылы Украинадагы Аянт окуялары болгон күнгө туура келгенине көңүлдөрдү бурду.

Орус басма сөз катчысы: «Криминологдор да, психологдор да окшош сөздөрдү айтышарын эстен чыгарбоо жакшы: кылмышкер дайыма окуя болгон жерге келет»,-деп айтты.

Жо Байдендин АКШда келерки жылы боло турган шайлоо кампаниясын ушул сапар менен баштаганына көңүл бурган Захарова: «Байдендин Киевдеги жана Варшавадагы билдирүүлөрүндө Украина маселесин тынчтык жолу менен чечүү маселеси камтылбагандыгы, Вашингтондун Москва менен тирешүүнүн деңгээлин жогорулатууга даяр экенин көрсөтүп турат»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар