Он жылдын ичинде үй жумуштарынын 39 пайызын роботтор жасайт
Изилдөөгө Улуу Британиядан 29 жана Япониядан 36 AI адиси катышты.

Он жылдын ичинде үй жумуштарынын 39 пайызы роботтор тарабынан аткарылат.
Британиянын Оксфорд университетинин жана Япониянын Очаномизу университетинин изилдөөчүлөрү, жасалма интеллект (AI) боюнча 65 адистен үй жумуштарын автоматташтыруу күчүнүн 10 жылдын ичинде кандай калыптана турганы тууралуу пикирин сурашты.
Изилдөөгө Улуу Британиядан 29 жана Япониядан 36 AI адиси катышты.
PLOS One журналында жарыяланган изилдөөдө адистер, автоматташтыруудан эң көп таасирлене турган иштин дүкөн соодасы болорун болжомолдошту.
Жаштарга жана карыларга кам көрүү болсо жасалма интеллект технологияларынан эң аз таасирленген жумуш.
Окумуштуулар британиялык эркек адистердин аял кесиптештерине караганда үй жумуштарын автоматташтырууга көбүрөөк көңүл бурушканын, бул абал Японияда тескерисинче деген тыянакка келишти.
Бирок адистер автоматташтырууга болот деп ойлогон милдеттер ар кандай болууда.
Оксфорд университетинде изилдөөчү болуп иштеген доктор Лулу Ши: «Балдарга билим берүү, аларга кам көрүү сыяктуу иштердин 28 пайызы гана автоматташтырылат деп болжолдонууда»,-деди.
Тектеш кабарлар

Дүйнөнүн биринчи 3D принтериндеги ракетасын учуруу аракети
Флорида штатындагы Канавералдан кечээ кечинде учурулган "Терран 1" учкандан көп өтпөй иштебей калды.