АКШда кичинекей учак кырсыкка учурады

АКШнын Аркансас штатында учкандан кийин кыска убакытта кырсыкка учураган кичинекей учактагы 5 киши каза болду.

1950530
АКШда кичинекей учак кырсыкка учурады

АКШнын Аркансас штатында учкандан кийин кыска убакытта кырсыкка учураган кичинекей учактагы 5 киши каза болду.

CBS News маалымат агенттигинин кабарына караганда, Федералдык авиация башкармалыгы Билл жана Хиллари Клинтондордун Литл-Рок шаарындагы улуттук аэропортунан учуп чыккан кош кыймылдаткычтуу "Бук BE20" тибиндеги учак кечээ түштөн кийин кырсыкка учурагандыгын билдирди.

Полиция Огайо штатындагы Жон Гленн Колумбус эл аралык аэропортуна бара жаткан учактын ичиндеги беш кишиден аман калгандардын болбогондугун айтты.

Экологиялык кеңешчи фирмасы CTEHтен CBS News телеканалына берилген билдирүүдө, учуч менен бирге учактагы беш кишинин баары CTEHтин Литл-Роктогу кеңсесинин кызматкерлери экендиги билдирилди.

Учактын кырсыкка учуроо себеби изилденүүдө.



Тектеш кабарлар