Энтони Блинкен Түркия менен Грециянын жакындашуусун жактаганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы  Энтони Блинкен Түркия менен Грециянын жакындашуусун жактаганын белгилеп, мунун Анкара менен Афинага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы мүмкүн экендигин айтты.

1949758
Энтони Блинкен Түркия менен Грециянын жакындашуусун жактаганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы  Энтони Блинкен Түркия менен Грециянын жакындашуусун жактаганын белгилеп, мунун Анкара менен Афинага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы мүмкүн экендигин айтты.  

Грециянын борбор шаары Афинага эки күндүк расмий сапар менен барган Американын мамлекеттик катчысы  Блинкен Грецияда MEGA TV телеканалына берген маегинде Грециянын 6 - февралда Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн кийин Түркияга колдоо көрсөткөндүгүн айтып : «Ал жерде болдум жана көп сандаган түрк жетекчилер менен сүйлөштүм. Айткандарынын бири грек жарандардан жардамдын келиши канчалык маанилүү экендиги тууралуу болду. Менин оюмча жакшы бир атмосфера түзүүдө»,- деди.

Греция менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштардын уланарынан үмүттүү экедигин айткан Блинкен : «Балким келерки айларда диалогдун бекемделиши жана узун убакыттан бери уланып келе жаткан маселелердин чечилиши үчүн бир мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн»,- деди.

Энтони Блинкен мунун АКШ үчүн маанилүү экендигин айтып : «Анткени Греция да, Түркия да биздин жакын шериктештерибиз, өнөктөштөрүбүз жана досторубуз. Албетте, биз алардын жакындашуусун каалайбыз. Муну аткарышса эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат»,- деди.

Түркия менен Батыштын ортосунда пикир келишпестиктердин бар экенине көңүл бурган Блинкен учурдагы кызматташтык жана өз ара жардам рухунун келечектеги маселелердин чечилишинде роль ойношунан үмүттүү экендигин  белгиледи.

Блинкен НАТОнун өнөктөшү болгон Түркиянын  Ф - 16 аскердик учактарын модернизациялоо программасынын биримдиктин жалпы коргонуусу үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар