Strep A бактериясынан бир адам каза болду
Грециянын Улуттук саламаттыкты сактоо мекемесинин (EODY) билдирүүсүндө 6 жаштагы баланын септикалык шоктон каза болгондугу, кан анализинде Strep A бактреиясынын аныкталганы белгиленди.
Грецияда биринчи жолу Strep A бактериясынан бир адам каза болду.
Грециянын Улуттук саламаттыкты сактоо мекемесинин (EODY) билдирүүсүндө 6 жаштагы баланын септикалык шоктон каза болгондугу, кан анализинде Strep A бактреиясынын аныкталганы белгиленди.
Акыркы убакта Британияда жана башка Европа өлкөлөрүндө көп сандаган кишинин Strep A чалдыкканы айтылган билдирүүдө : "Эпидемиологиялык маалыматтар өлкөдөгү коомдун саламаттыгы тууралуу тынчсыздандыруучу абалды билдирбейт",- деп айтылды.
Strep A бактериясы адамдардын тамагына жана терисине жайгашып кээ кээде суук тийип жана тамак оорусун алып келет.
Дененин кээ бир жерлеринде исиркектерди жана тери инфекцияларын пайда кылган бактериялар кээ бир учурларда олуттуу кыйынчылыктарга жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Ооруну пайда кылуучу бактериялар чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана жакын байланышта болгон адамдардын арасында оңой тарайт.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.