Орусия Херсонго сокку урду

Орусиянын кол салуусунда 6 кишинин каза болгону, 12 кишинин жараланганы билдирилди.

1949567
Орусия Херсонго сокку урду
rusya herson.jpg

Орусиянын Украинанын Херсон шаарын бутага алган кол салуусунда 6 киши каза болуп, кеминде 12 киши жараланды.

Орусия Украинанын Херсон шаарындагы карапайым калктуу конуштарга сокку урду.

Украинанын Түштүк операция командирлигинен берилген маалыматта, бир автобус аялдамасы менен көп кабаттуу үйдү бутага алган Орусиянын кол салуусунда 6 кишинин каза болгону, 12 кишинин жараланганы билдирилди.

Кол салуудан улам көп сандаган имараттын зыянга учураганын белгилеген Украинанын Түштүк операция командирлиги: «Душман Херсондо турак жайларга, маанилүү инфраструктуралык объектилерге, бала бакчага, ооруканага жана унааларга сокку урду»,-деп кабарлады.

Кол салуудан кийин жабыркаган көптөгөн имараттарда өрт чыкты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да Telegram каналынан орус күчтөрүнүн Украинадагы чабуулдары боюнча билдирүү жасап: «(Орус армиясы) дагы бир жолу карапайым адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүп жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар