Иранда өлүм жазасы

Иран өлкөдө «террордук кыймылдарды уюштуруу менен» айыпталган жана АКШ борбору болгон режимге каршы бир уюмдун лидери экендиги айтылган Жемшид Шармехди өлүм жазасына тартты

1949477
Иранда өлүм жазасы

Иран өлкөдө «террордук кыймылдарды уюштуруу менен» айыпталган жана АКШ борбору болгон режимге каршы бир уюмдун лидери экендиги айтылган Жемшид Шармехди өлүм жазасына тартты.

Ирандын сот бийлигине караштуу Мизан маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, борбору АКШ болгон режимге каршы “Тондер” жана “Иран  королдугунун парламенти” деп аталган топтун лидери экендигине шектелген Шармехд соттолгон Тегеран Төңкөрүш соту тарабынан «террордук кыймылдарды пландоо жана башкаруу жолу менен жер жүзүндө бузукулук кылуу» деген айыптоо менен өлүм жазасына тартылды.

Сөз болуп жаткан уюм 2008 - жылдын 12 - апрелинде Шираз шаарында 14 кишинин каза болушуна жана 215 кишинин жараланышына алып келген террордук кол салуу менен жалпы өлкөдө куралдуу кыймылдарды жана саботаждарды уюштурган деп айыпталып жаткан.

Ирандын Чалгындоо министрлиги Иран  -  Гнрмания кош жараны болгон жана 2003 – жылжан бери АКШда жашаганы билинген Шармехди 2020 -  жылы июль айында өлкө тышында кармап өлкөгө алып келгендигин жарыялаган.

Үй  - бүлөсү Шармехдини Бириккен Арап Эмирликтеринде уурдалгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар