Йенс Столтенберг Россияны  чечимин кайра карап чыгууга чакырды

Путин бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Россия континенттер аралык өзөктүк баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү максат кылган АКШ менен Жаңы START программасына кошулууну токтоторун билдирди.

1949555
Йенс Столтенберг Россияны  чечимин кайра карап чыгууга чакырды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россиянын Жаңы START келишимине кошулууну  токтотуусуна курал - жарактарды көзөмөлдөө архитектурасынын бүтүндөй кыйрашы катары баа берди жана Россияны  чечимин кайра карап чыгууга чакырды.

Столтенберг НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана Европа Биримдигинин  тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Россиянын президенти Владимир Путиндин Жаңы START келишимин токтотуу чечимине баа берген Столтенберг бул чечимден санааркагандыгын айтты.

Столтенберг : «Акыркы жылдары Россия курал - жарактарды көзөмөлдөө боюнча негизги келишимдерди бузду же алардан четтеди. Жаңы START боюнча бүгүнкү чечим менен курал - жаракты көзөмөлдөө архитектурасы кыйрады. Мен Россияга чечимин кайра карап чыгууну жана учурдагы келишимдерге сый көрсөтүүнү сунуштаймын",- деди.

Путин бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Россиянын АКШ менен түзүлгөн жана  континенттер аралык өзөктүк баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү максат кылган Жаңы START программасына кошулууну токтоторун билдирген.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар