Босния - Герцеговинанын тышкы иштер министри Элмедин Конакович жер титирөө аймагы тууралуу билдирди
Конакович Түркия жана Германия сапарларынан кийин кайтып келген борбор шаар Сараеводо пресс - жыйын өткөрүп, жолугушуулары тууралуу маалымат берди.
Босния - Герцеговинанын тышкы иштер министри Элмедин Конакович Түркиядан «адам акылы менен айтып түшүндүрүү кыйын болгон өзгөчө сезимдер менен» кайтып келгенин айтты.
Конакович Түркия жана Германия сапарларынан кийин кайтып келген борбор шаар Сараеводо пресс - жыйын өткөрүп, жолугушуулары тууралуу маалымат берди.
"Кылымдын апааты" деп аталган, 6 - февралдагы Кахраманмараш жер титирөөсүнөн кийин өткөн аптада Түркияга келип, борбор шаар Анкара жана Хатайда болгон Конакович жер титирөө аймагында издөө - куткаруу иштерине катышкан Босния - Герцеговинанын топторуна ыраазычылык билдирди.
Конакович жер титирөө аймагында абдан кыйын көрүнүштөр менен бетме - бет келгендигин айтып : "Адам акылы менен айтып түшүндүрүү кыйын болгон өзгөчө сезимдер менен кайттым. Ушунун негизинде бул жерден барган топтор абдан жакшы иштешти",- деди.
Босния - Герцеговинанын издөө жана куткаруу иштеринде эң активдүү өлкөлөрдүн арасында экенине көңүл бурган Конакович : «Сан жагынан да алдыңкы орунда болдук. Командаларыбыз менен сыймыктанабыз»,-деди.
Босния - Герцеговинадан 234 кишиден турган 13 топтун жер титирөөлөрдүн биринчи күнүнөн баштап издөө - куткаруу иштерине катышып, 26 кишини урандылардын астынан куткаргандыгы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.