Боррель: "Биз силер менен биргебиз"
Боррель Твиттердеги баракчасынан, Хатайдын Дефне жана Самандаг райондорунда кечээ болгон жер титирөөлөргө байланыштуу билдирүү жасады.
1949405
Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Европа Биримдигинин Хатайдагы жер титирөөлөргө байланыштуу абалды жакындан байкап жатканын жана Түркиянын жанында экенин билдирди.
Боррель Твиттердеги баракчасынан, Хатайдын Дефне жана Самандаг райондорунда кечээ болгон 6,4 жана 5,8 баллдык жер титирөөлөргө байланыштуу билдирүү жасады.
«Түркиянын Хатай шаарында кайрадан болгон жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн кайгысын арттырган абалды жакындан байкоодобуз»,-деген Боррель: «Бул оор күндөрдө Түркиянын жанындабыз»,-деп билдирди.
Тектеш кабарлар
Израиль Батыш Шериада кеңири масштабдуу чабуулга даярданууда
Халеви, Израиль армиясынын чоң операцияларга даяр болушу керектигин айтты.