Израилде жарандыктан ажыратуу мыйзамы...

Израиль парламентинде «Террордук кылмыш жасагандыгы үчүн компенсация алган террористтик агенттин жарандыгын же жашаган жерин жокко чыгаруу» деген аталыштагы мыйзам долбоору экинчи отурумда 10 «каршы», 94 «макул» добушу менен кабыл алынды.

1947109
Израилде жарандыктан ажыратуу мыйзамы...

Израилдин парламенти террорчулукка айыпталып камакка алынган Израилдин жарандары болгон палестиналыктардын аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Палестина бийлигинен акча алса, алардын жарандыгын жокко чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды.

Парламентте «Террордук кылмыш жасагандыгы үчүн компенсация алган террористтик агенттин жарандыгын же жашаган жерин жокко чыгаруу» деген аталыштагы мыйзам долбоору экинчи отурумда 10 «каршы», 94 «макул» добушу менен кабыл алынды.

Израиль парламентинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Израиль мамлекетине болгон ишенимди кыянаттык менен пайдаланган кылмыш үчүн соттолгон Израиль жараны же Израилдин туруктуу жашоочусу бул кылмышы үчүн түрмөгө кесилип, кылмышы үчүн Палестина бийлигинен каржылык жардам алса, анын жарандыгы же туруктуу жашоого уруксаты жокко чыгарылып, Палестина автономиясынын аймагына же Газа секторуна көчүрүлө турганы» белгиленген.

Бекитилген мыйзамга ылайык, бул адамдар түздөн-түз Палестина бийлигинен же чет элдик уюм аркылуу каржылык колдоо алышса, жарандыктан же жашоо укугунан баш тартышкан болуп эсептелинет.

Израилдин ичиндеги палестиналыктардын жарандыгы бар,  ал эми басып алынган Чыгыш Кудстагы палестиналыктардын туруктуу жашоо укугу бар.



Тектеш кабарлар