Россия : "Украина Молдованы Россия менен карама - каршы алып келүүгө аракет кылууда"

Захарова Молдованын президенти Майя Сандунун : «Россия өз өлкөсүндөгү абалды туруксуздаштырууну пландоодо»,- деген билдирүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө жооп берди.

1946474
Россия : "Украина Молдованы Россия менен карама  - каршы алып келүүгө аракет кылууда"

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Украина Молдованы Россия менен карама- каршы абалга алып келүүгө аракет кылып жатканын белгилеп : «Россиянын Молдова Республикасындагы абалды бузууга аракет кылгандыгы тууралуу кыйыр түрдө айтылган сөздөрдү четке кагабыз»,- деди.

Захарова Молдованын президенти Майя Сандунун : «Россия өз өлкөсүндөгү абалды туруксуздаштырууну пландоодо»,- деген билдирүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө жооп берди.

Сандунун бул пландардын Украина тарабынан өлкөсүнө тапшырылгандыгына көңүлдөрдү бурган Захарова булардын «негизсиз» экендигин баса белгиледи.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Захарова буларды айтты : «Булар АКШ, башка батыштык өлкөлөр, Украина көп колдонгон классикалык ыкмаларды колдонуу менен түзүлгөн. Оболу ырасталбаган жашыруун чалгындоо маалыматтарды алып айыптап жатышат. Андан кийин да буларды өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин туура чыгаруу үчүн колдонушууда. Бул пландоо тууралуу маалыматтарды жайылткан Киевдин негизги максаты Молдованы Россия менен карама – каршы алып келүү».



Тектеш кабарлар