АКШ: «Жер титирөөлөр Түркия менен Сирияга гана эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди»

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк маалымат-жыйынында айтты.

1946204
АКШ: «Жер титирөөлөр Түркия менен Сирияга гана эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди»

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) «кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн бир гана Түркия менен Сирияны эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизгенин билдирди.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк маалымат-жыйынында жер титирөөнүн көрүнүштөрү «терең таасирдүү» болгонун айтып: «Бул жер титирөө бир гана Түркия менен Сирияга эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди»,-деди.

АКШнын Түркия жана Сириядагы издөө, куткаруу жана жардам көрсөтүү иштерине колдоо көрсөтүү үчүн кошумча жабдуулар жана булактарды мобилизациялаганын түшүндүргөн Прайс: «Биз оор шарттарда күнү-түнү иштеп жаткан гуманитардык жардам топторунун жана куткаруу кызматкерлеринин укмуштуудай берилгендигин баалайбыз»,-деди.

Басма сөз катчы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Түркиядан чек арадан өткөн жардамга уруксат берүү менен катар Сириядагы жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарга жардам жеткирүү үчүн бардык күчү менен иштөөгө моралдык жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

«Бул саясий эмес, адамдык маселе»,-деп айткан Прайс: «Биз дүйнө өлкөлөрүн Түркия жана Сирия элдерин колдоо үчүн колдон келгендин баарын кылууга чакырабыз»,-деди.

Ошол эле учурда АКШнын Массачусетс штатынын борбору Бостондогу кээ бир символдук көпүрөлөр кызыл жана ак түстө жарыктандырылды.

Түркиянын Бостондогу башкы консулдугунун билдирүүсүндө,«Бостондогу эстелик көпүрөлөр жер титирөөдөн улам биздин желегибиздин түстөрү менен жарыктандырылды. Бул тилектештик үчүн рахмат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар