Трюдо: «Канада аймакка кирген белгисиз объектти атты»

Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп

1945369
Трюдо: «Канада аймакка кирген белгисиз объектти атты»

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Америка аба күчтөрүнө таандык F-22 үлгүсүндөгү согуштук учагынын Юкон аймагынын асманында белгисиз объектти зыянсыздандырганын жарыялады.

Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп:«Мен Канаданын аба мейкиндигин бузган белгисиз объектти атууга буйрук бердим. Түндүк Американын аэрокосмостук коргонуу командачылыгы (NORAD) Юкондун үстүндөгү объектке сокку урду. Канадалык жана америкалык учактар ​​абага көтөрүлүп, америкалык F-22 учагы объектиге ийгиликтүү сокку урду»,-деди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен сүйлөшкөнүн баса белгилеген Канаданын премьер-министри:«Канадалык күчтөр эми объекттин калдыктарын алып чыгып, анализдейт. Түндүк Американы кайтарууну улантып жатканыңыз үчүн NORADга рахмат»,-деди.

Премьер-министр Трюдо объекттин шар же учак экендиги тууралуу маалымат менен бөлүшкөн жок.

АКШ армиясы да өзөктүк курал жайгаштырылган Монтана штатында анормалдуу радар кыймылын байкаган деген жүйө менен аймакты кыска мөөнөткө учууларга жапты. Көп өтпөй чектөө алынып салынды.

Америка Кошмо Штаттары бир жума мурун Кытайдын байкоочу шары анын аба мейкиндигине киргенин жарыялап, кийинчерээк шарды Атлантика океанынын үстүнөн америкалык аскерий учак атып түшүргөн.



Тектеш кабарлар