Молдованын премьер - министри кызматынан кетти
Кызматтан кетүүсүнүн себебин айтпаган Гаврилица Молдова өкмөтүнүн бул убакыт ичинде коррупция менен күрөшүү жана Европа Биримдигине интеграциялоо жолунда экендигин билдирди.

Молдованын премьер - министри Наталья Гаврилица кызматынан кеткенин жарыялады.
Гаврилица борбор шаар Кишиневдо өткөргөн маалымат жыйынында : «1,5 жылдан кийин премьер-министрлик кызматтан кеткенимди жарыялоонун убагы келди»,-деди.
Кызматтан кетүүсүнүн себебин айтпаган Гаврилица Молдова өкмөтүнүн бул убакыт ичинде коррупция менен күрөшүү жана Европа Биримдигине интеграциялоо жолунда экендигин билдирди.
Молдованын президенти Майя Санду да Фейсбук баракчасынан берген билдирүүсүндө : «Премьер - министри Наталья Гаврилицанын арызын эске алдым. Ушунчалык кризисте өлкөнү башкаруу үчүн көрсөткөн аракететринен улам ага ыраазычылыгымды билдирем»,- деди.
Санду мыйзамдуу процесске ылайык Молдова парламентиндеги саясий партиялар менен кеңешерин жана кийинки учурларда премьер - министрликке талапкерди билдирерин айтты.
2009 - жылы Молдованын экономика министри болуп иштеген Наталья Гаврилица 2013 - 2014 - жылдары Билим берүү министрлигинде консультант болуп иштеген.
Гаврилица 2019 - жылы президент Майя Санду өкмөт башчылык кылып турганда каржы министри болуп иштеген.
Молдова парламенти 2021 - жылдын 6 - августунда президент Санду премьер - министрликке сунуштаган Наталья Гаврилицанын талапкерлигин бекиткен.