Гутерриш: "Заманабыздын эң чоң табигый кырсыктарынын бири"
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу (АКШ) башкы кеңсесинде басма сөзгө маалымат берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, «кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр үчүн «Заманабыздын эң чоң табигый кырсыктарынын бири»,- деди.
БУУнун Нью-Йорктогу (АКШ) башкы кеңсесинде басма сөзгө маалымат берген Гутерриш: «Көптөгөн адамдардын каза болушуна кайгырып жатабыз жана трагедиялуу көрсөткүч көбөйүүдө. Миңдеген имараттар кыйрап калды. Он миңдеген адамдар кыштын суук шарттарына дуушар болушту. Мектептер жана ооруканалар зыянга учурады. Балдар чоң травма алышты»,- деди.
«Заманабыздын эң чоң табигый кырсыктарынын бири» деп мүнөздөгөн жер титирөөлөрдөн келип чыккан кыйроонун жана гуманитардык кризистин көлөмүн али толук көрө электерин белгилеген Гутерриш, БУУнун жардамдарынын алкагында жер титирөөлөрдөн кийин биринчи жардам кербенинин кечээ таңкы сааттарда Бабул чек ара капкасынан Сирияга жеткенин, бирок бул жардамдын дагы көп болушу керектигин баса белгиледи.
БУУнун баш катчысы, Түркиянын 3,6 миллион сириялык качкынды кабыл алуу менен он жылдан ашык убакыттан бери «теңдешсиз жоомарттык» көрсөткөнүн жана «кылымдын апаатынан» кийин БУУнун түрк өкмөтүнө «колунан келген жардамын берүүгө даяр» экенин айтты.
Гутерриш эл аралык коомчулукту, миллиондогон качкындарга көрсөткөн колдоону жана айкөлдүктү Түркия менен Сириянын элине да көрсөтүүгө чакырып: «Азыр Түркия жана Сирия элине колдоо көрсөтүүнүн убагы»,-деди.
Тектеш кабарлар

Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди
Бул тууралуу Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.