Индонезияда жер титиреди
22 километр тереңдикте болгон жер титирөөдө «калкып жүрүүчү ресторандын» деңизге оодарылып кетишинин натыйжасында 4 адам каза болду.

Индонезиянын Папуа провинциясындагы 5,1 баллдык жер титирөөдөн төрт адам каза болду.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Геологиялык изилдөө кызматы (USGS) Папуанын түндүк жээгиндеги Жаяпура шаарында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди.
22 километр тереңдикте болгон жер титирөөдө «калкып жүрүүчү ресторандын» деңизге оодарылып кетишинин натыйжасында 4 адам каза болду.
Аймактагы айрым имараттар жана саламаттыкты сактоо мекемелери болсо зыян тартты.
Индонезиянын Ачех аймагында 2004-жылдагы жер титирөөдөн кийин болжол менен 170 миң адам каза болгон.
2018-жылдын 28-сентябрында болсо 7,5 баллдык жер титирөө жана андан кийинки цунами; Донггала, Палу, Сиги аймактарына таасирин тийгизип 4340 адам каза тапкан.
Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы Циранжанг шаарынан 18 километр түштүк-батышта 2022-жылдын 21-ноябрында болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө 331 киши каза болуп, 600гө жакыны жаракат алган.
"Тынч океандын от шакеги" деп аталган жер титирөө жана вулкан алкагында жайгашкан Индонезия дүйнөдөгү табигый апааттардан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири.
Тектеш кабарлар

БАЭ менен Израилдин ортосунда кол коюлган келишим
БАЭнин Тель-Авивдеги элчиси Мохаммед Аль Хача Твиттер баракчасынан бул тууралуу билдирди.