Евробиримдиктин лидерлери Эрдоганга колдоосун билдиришти

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕБ лидерлер саммити, 6-февралдагы жер титирөөлөрдө каза болгондор үчүн бир мүнөттүк унчукпай туруу менен башталды.

1944422
Евробиримдиктин лидерлери Эрдоганга колдоосун билдиришти

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн лидерлери, Түркиядагы жер титирөөлөрдөн улам президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жазып көңүл айтышты жана тилектештиктерин билдиришти.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕБ лидерлер саммити, 6-февралдагы жер титирөөлөрдө каза болгондор үчүн бир мүнөттүк унчукпай туруу менен башталды.

Лидерлер президент Эрдоганга карата катты да жарыялашты. Катта «Элиңиз жүрөк сыздаткан сыноону баштан кечирүүдө», - деген ЕБ лидерлери, жер титирөөдө каза болгондорго байланыштуу көңүл айтышты.

Ойлорунун жакындарын жоготкондор жана жакындарынан кабар күткөндөр менен бирге экенин белгилеген ЕБ лидерлери, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, убакыт менен жарышкан куткаруу топторунун иштерин кубатташты.

Лидерлер: «Европа Биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер бул трагедияга каршы Түркия жана Сирия элдери менен толук тилектештикте»,-дешти.

Жер титирөөдөн кийин жардамды тез жеткирүү үчүн колунан келгендин баарын кылгандарын белгилеген лидерлер, Европа Биримдиги Комиссиясы жана Европа Биримдигинин мөөнөттүү төрагасы катары Швециянын эл аралык коомчулуктан каржылык колдоо топтоо үчүн март айында кайрымдуулар конференциясын уюштуруу демилгесин көтөргөнүн эске салды.

Катта лидерлер: «Түрк бийлиги менен тыгыз координацияда колдообузду арттырууга даярбыз, ойлорубуз сиз жана элиңиз менен бирге болот»,-дешти.

Евробиримдиктин лидерлер саммитинин жыйынтык декларациясында да жер титирөөлөргө орун берилди.

Декларациянын «Түркия жана Сириядагы жер титирөө» бөлүмүндө көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрү камтылды.

Евробиримдиктин майтарылбас тилектештигинин алкагында Түркияга 1600 кишилик издөө-куткаруу топторунун жиберилгени белгиленген декларацияда, Европа Биримдигинин жардамдарды көбөйтүүгө даяр экени билдирилди.

Ошондой эле Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чакырыгы айтылып, гуманитардык аракеттерди колдоо үчүн кошумча каражаттар бөлүнгөнү, БУУнун көзөмөлүндө гуманитардык жардамдын тез жеткирилиши үчүн чакырык жасалганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар