Эл аралык басма сөз Кахраманмараштагы жер титирөөгө кенен орун берүүнү улантууда
The Economistтин кабарында : «Бул жер титирөөнү кыйратуучу абалга алып келген бир нече фактор бар. Булардын бирөөсү жер титирөөнүн күчү»,- деп билдирилди.

Эл аралык басма сөз 6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жана 10 облусту таасири астына алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөргө кенен орун берүүнү улантууда.
Жер титирөөлөр тууралуу маалымат берген Британиянын BBC телеканалы жарыялаган анализ кабарында 200 жылдан ашуун убакыттан бери аймакта мындай масштабдагы жер титирөөнүн болоору боюнча эскертүү белгисинин болбогонуна көңүлдөрдү бурду.
Акыркы жолу 1822 – жылы аймакта болгон 7,4 баллдык жер титирөөнүн силкинүүлөрүнүн бир жылга жакын созулгандыгы белгиленген кабарда ошол эле абалдын Кахраманмараш эптцентри болгон жер титирөөлөрдө да кайталануусу күтүлүп жаткандыгы билдирилди.
Жер титирөөнүн кыйратуучу таасирин иликтеген The Economistтин кабарында : «Бул жер титирөөнү кыйратуучу абалга алып келген бир нече фактор бар. Булардын бирөөсү жер титирөөнүн күчү»,- деп айтылды.
The Times гезити да аймактын тектоникалык катмарлардын кошулган жеринде экенине жана жер титирөөдөн улам бул катмарлардагы сүрүлүүнүн кыйратуучу таасирине көңүл бурду.
Италияда 2016 - жылы болгон жер титирөөдө 300 кишинин каза болгонуна көңүл бурулган кабарда эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдө ортого чыккан энергия көлөмүнүн 250 эсе көп экендиги жана андан кийин жогорку кубаттуулуктагы силкинүүлөрдүн болгондугу баса белгиленди.