Абрар Саббах "Шарли Эбдодогу" карикатураны кайра тартты

Саббахтын журналдын медиа эсебине да жиберген эмгеги кыска убакытта миңдеген жактырууларды алып, интернет колдонуучулары тарабынан бөлүшүлдү.

1944246
Абрар Саббах "Шарли Эбдодогу" карикатураны кайра тартты

Графика дизайнери Абрар Саббах Францияда жарык көргөн жумалык юмор журналы "Шарли Эбдонун"  Түркиянын 6-февралдагы жер титирөө апаатын чагылдырган карикатурасын кайра тартты.

Кахраманмараш жер титирөөсү тууралуу  "Түркияда жер титирөө болду. Танктарды жөнөтүүнүн кереги жок" деген жазуу менен жарыялаган журналга   дүйнөнүн төрт бурчунан соцтармак аркылуу карышылк көрсөтүлүүдө. 

Сүрөтчү Саббах соцтармактан жарыялаган видеодо "Шарли Эбдонун" Түркияда болгон жер титирөө апааты тууралуу жарыялаган карикатураны кайрадан оңдоп : "Уятсыз Шарли Эбдо. Карикатураны антип эмес, мындай кылып тартышың керек. Кайрадан бутубузга турабыз. Бул күчтүү улут кайрадан бутуна турат",- деп билдирди.

Саббахтын журналдын медиа эсебине да жиберген эмгеги кыска убакытта миңдеген жактырууларды алып, интернет колдонуучулары тарабынан бөлүшүлдү.

 



Тектеш кабарлар