Папа жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн тилектештикке чакырды
Ватиканда шаршемби күндөрү жалпы кабыл алууда папа Түркияда жана Сирияда болгон кенен аянтта таасирдүү болгон апаатка токтолду.

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын мамлекет башчысы Папа Франциск, эпицентри Кахраманмарашта болгон жана 10 облусту таасири астына алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин Түркия жана Сириядагы курмандыктар үчүн тилектештикке чакырды.
Ватиканда шаршемби күндөрү жалпы кабыл алууда папа Түркияда жана Сирияда болгон кенен аянтта таасирдүү болгон апаатка токтолду.
Папа Франциск : «Азыркы учурда ойлорум, миңдеген кишинин өлүмүнө жана жаралануусуна жол ачкан жер титирөөдөн олуттуу түрдө таасирленген Түркия жана Сирия калктары менен бирге. Алар үчүн күчтүү сезимдер менен дуа кыламын. Бул кыйратуучу апааттан жапа чеккен баарына жана бул элдерге жакындыгымды белгилегим келет»,- деди.
Баарын жер титирөө болгон аймактарга тилектештик көрсөтүүгө чакырган папа : «Бул боордошторубуздун, бул трагедия менен алдыга жылышы үчүн бирдикте дуа кылалы»,- деди.
Папа өзгөчө начар аба ырайы жана жолдордогу олуттуу чыгымдар сыяктуу кыйынчылыктарга туш болгон жана бул оор шарттарда адам өмүрүн сактап калууга аракет кылган жардам кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алар үчүн дуба кылууну суранды.
Тектеш кабарлар

Түштүк Корея Япония менен карым - катнаштарды оңдогусу келет
Кабинет жыйынында сөз сүйлөгөн Юн Сук Ёл Япония менен эки тараптуу карым - катнаштарга токтолду.