Палестинада күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө болду
Жер титирөө Иерусалим, Рамалла жана Наблус шаарларында сезилди.

Палестинада күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө болду.
Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда Наблустагы Аль-Нажа Ел-Ватани университетинин жер титирөө борборунун директору Жалал ал-Дубейк жер титирөөнүн эпицентри Наблус шаарынан 13 километр түндүктө болгондугун жарыялады. Дубейк 4,8 баллдык жер титирөөнүн жердин 10 километр тереңдигинде болгонун белгиледи.
Жер титирөө Иерусалим, Рамалла жана Наблус шаарларында сезилди.
Жер титирөөдөн улам адам өмүрү жана материалдык чыгым тууралуу азырынча эч кандай маалымат бериле элек.
Тектеш кабарлар

Греция Израилден ракета системасын сатып алат
Бул билдирүү Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан кийин жарыяланды.

Орусиядан континенттер аралык ракеталык машыгуу
Ярс ракеталарынын учуу аралыгы 11-12 миң километр деп белинет.