Европадан жиберилген жардам кызматкерлеринин саны
Топтордун бир бөлүгүнүн Түркияга келгендиги жана жер титирөө аймагында иштей баштаганы билдирилди.

Европа өлкөлөрүнөн Түркиядагы жер титирөө аймактарына барган же бара турган жардамчылардын саны 1500гө жакындады.
Европа Биримдиги Комиссиясы эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондору болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн улам Европа Биримдигинин жарандык коргонуу механизминин алкагында жөнөтүлгөн топторго байланыштуу маалыматтарды жаңылады.
Буга ылайык Европа Биримдигинин 20 өлкөсү ушул убакка чейин 29 издөө - куткаруу тобун жана 5 медициналык топту жөнөтүү үчүн аракетке өттү. Бул топтордун жалпы 1485 адам жана 100 издөө - куткаруучу иттерден тургандыгы маалым болду.
Топтордун бир бөлүгүнүн Түркияга келгендиги жана жер титирөө аймагында иштей баштаганы билдирилди.
Өзгөчө Европа Биримдигинин издөө - куткаруу жана медициналык топторунун тышында чатыр, жууркан, жылыткыч сыяктуу материалдарды жөнөтө турганы айтылды. Бул материалдарды жөнөтүү үчүн Германия, Литва жана Словениянын иштеп жатканы айтылды.
Тектеш кабарлар

Түштүк Корея Япония менен карым - катнаштарды оңдогусу келет
Кабинет жыйынында сөз сүйлөгөн Юн Сук Ёл Япония менен эки тараптуу карым - катнаштарга токтолду.