Азхар шейхи дүйнөнү жардам көрсөтүүгө чакырды

Азхар шейхи Тайиб жер титирөөлөр тууралуу түрк, араб жана англис тилдеринде Twitter баракчасынан өз билдирүүсүн бөлүштү.

1943992
Азхар шейхи дүйнөнү жардам көрсөтүүгө чакырды

Египеттеги Аль-Азхар мекемесинин шейхи Ахмед эт-Тайиб бүткүл дүйнөнү Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн жабыркаган аймактарга жардам берүүгө чакырды.

Азхар шейхи Тайиб Түркияда 10 облуста жана Сириянын түндүгүндө чоң кыйроолорго, адамдардын өлүмүнө себеп болгон жер титирөөлөр тууралуу түрк, араб жана англис тилдеринде Twitter баракчасынан өз билдирүүсүн бөлүштү.

«Оо, Аллах, коргоосуз пенделериңе ырайым кыла көр» деп дуа кылган шейх мындай деди:

«Сирия менен Түркияда болгон катуу жер титирөөнүн үрөй учурган көрүнүштөрү биздин жүрөгүбүздү сыздатып жатат. Дүйнөнү жардам көрсөтүүгө, жабыркагандарга жана үй-жайсыздарга жардам колун сунууга, урандылар астынан адам өмүрүн сактап калууга шашылууга чакырамын».



Тектеш кабарлар