Угледар менен Бахмутта кагылышуулар уланууда

Шойгу борбор шаар Москвада аскердик жетекчилер менен жолугушууда 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1943329
Угледар менен Бахмутта кагылышуулар уланууда

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын Угледар жана Бахмут шаарларында кагылышуулардын уланып жатканын билдирип:«Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана анын союздаштары чыр-чатакты мүмкүн болушунча узакка созууга аракет кылып жатышат»,-деди.

Шойгу борбор шаар Москвада аскердик жетекчилер менен жолугушууда 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Донецк жана Запорожье багытында кагылышуулардын уланып жатканын белгилеген Шойгу Соледар, Клищеевка, Пидхирне, Краснопилля, Благодатне, Лобкове жана Николаевка отурукташуу жерлеринин орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенине көңүл бурду.

Шойгу: «Учурда Угледар жана Бахмут шаарларында кагылышуулар ийгиликтүү уланууда. АКШ жана анын союздаштары жаңжалды мүмкүн болушунча узартууга аракет кылууда. Бул үчүн алар оор куралдарды жөнөтө башташты жана Украинаны биздин жерлерге басып кирүүгө чакырып жатышат. Мындай кадамдар НАТО өлкөлөрүн конфликтке тартып, чыңалууну күчөтөт жана күтүүсүз деңгээлге алып келиши мүмкүн»,-деди.

Орус армиясынын Украинага Батыш тарабынан берилген куралдарды атууну улантканын белгилеген Шойгу, Украина армиясынын олуттуу жоготууга учураганын, январь айында 6500дөн ашуун аскер, 26 учак, 7 тик учак, 208 учкучсуз учуучу аппарат, 341 танк жана башка зооттолгон унаалар менен 40 көп түтүктүү ракета аткычтарынан ажыраганын билдирди.

Бир тараптан Украина армиясы Бахмутта Орусияга таандык Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учагын атып түшүргөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар