Сирияда аза күтүү күнү
Сирияда билим берүү 11-февралга чейин токтотулду.

Сириянын убактылуу өкмөтү, Сириянын түндүгүндөгү жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда аза күтүү жарыялап, билим берүүнүн 11-февралга чейин токтотулганын билдирди.
Сириянын убактылуу өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү маалыматында, Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарда жер титирөөлөрдөн улам гуманитардык апаат болуп жатканына көңүл бурулду.
Издөө-куткаруу иштери үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдүн мобилизацияланганы жарыяланган билдирүүдө: "Сирияда куткарылган аймактарда аза күтүү жарыяланып, мектеп жана университеттерде окуу 11-февралга чейин токтотулду" деп кабарланды.
Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн улам Сириянын ар кайсы аймактарында 1602 киши каза болуп, 3 миң 649 киши жаракат алды.
Тектеш кабарлар

Владимир Путин тышкы саясат концепциясын бекитти
Путин: «Бүгүн Россиянын жаңыланган тышкы саясат концепциясын бекиткен жарлыкка кол койдум».