Латин Америкасынын лидерлеринин колдоо жана тилектештик билдирүүлөрү

Очогу Кахраманмарашта болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин Латын Америка өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары колдоо жана тилектештик билдирүүлөрүн жарыялашты.

1943045
Латин Америкасынын лидерлеринин колдоо жана тилектештик билдирүүлөрү

Очогу Кахраманмарашта болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин Латын Америка өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары колдоо жана тилектештик билдирүүлөрүн жарыялашты.

Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирүүсүндө, президент Андрес Мануэль Лопес Обрадордун көрсөтмөсү менен Түркияга издөө-куткаруу тобу жөнөтүлө турганын белгилеп: «Мексика аба күчтөрүнө таандык учак бир нече сааттын ичинде Түркияга баруу үчүн учат»,-деп айтты.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро да Твиттер баракчасынан боордош Түркия жана Сирия калкы менен тилектештикте экендиктерин бөлүшүп: «Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, түрк жана сириялык калкка көңүл айтабыз»,-деди.

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Аргентинанын көп сандаган адамдын каза болушунан улам Түркия жана Сирия элдери жана мамлекеттери менен тилектештикте экенин белгиледи.

Боливиянын президенти Луис Арсе өзүнүн Твиттер баракчасында Түркия жана Сирия менен толук тилектештикте экендиктерин баса белгилеп: «Боливия мамлекети каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалайт»,-деди.

Колумбиянын президенти Густаво Петро да социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Түркия жана Сирия калкы менен тилектештикте экендиктерин белгилеп, Тышкы иштер министрлигинин конкреттүү жардам үчүн тиешелүү органдар менен байланышка чыкканын белгиледи.

Гватемаланын президенти Алехандро Гиамматтей өзүнүн Твиттер баракчасынан жасаган билдирүүсүндө түрк эли жана өкмөтү менен тилектеш экендиктерин белгилеп: «Миңдеген адамдардын өмүрүн алган жер титирөөдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана дуа кылабыз. Биздин жүрөгүбүз сиз менен...»,-деп өз каалоосун жарыялады.



Тектеш кабарлар