Ким Чен Ын согушка даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды

Ким Корея Жумушчу партиясынын Борбордук аскердик комиссиясынын кечээки жыйынына төрагалык кылды.

1943086
Ким Чен Ын согушка даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскерлерге согуштук машыгууларды көбөйтүүнү жана согушка даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды.

Кореянын Борбордук Кабар агенттигинин (KCNA) билдиргенине караганда, Кореянын бийликтеги Жумушчу партиясынын Борбордук аскердик комиссиясынын кечээки жыйынына төрагалык кылган Ким армиядан аскердик даярдыкты күчөтүүнү талап кылды.

Комиссия мүчөлөрү жыйында “Аскердик операциялар менен машыгууларды тынымсыз кеңейтүү жана активдештирүү”, “согушка даярдуулукту” күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Түндүк Кореянын 75 жылдык мааракесинин эртең борбор калаа Пхеньянда өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги өткөн аптада АКШнын Түштүк Корея менен аскердик машыгууларын көбөйтүүсүнүн аймактагы чыңалууну күчөтүп жатканын жүйө келтирип, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү ар кандай коркунучка каршы “ ядролук күч” менен жооп кайтарууга даяр экенин билдирген.



Тектеш кабарлар