ДССУ: "Түркия, биз сиздер мененбиз"
Гебреисус, эпицентри Кахраманмарашта болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр боюнча уюмдун иштерине байланыштуу Башкаруу кеңешине баяндама жасады.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөргө байланыштуу чыгымдардын ордунун толтурулушу үчүн түрк жетекчилери менен кызматташа тургандарын айтып: «Бул азаптуу күнүңүздө биз сиздер мененбиз»,- деди.
Гебреисус, эпицентри Кахраманмараш болгон 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр боюнча уюмдун иштери тууралуу Башкаруу кеңешине баяндама жасады.
Жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда чыгымдардын ордунун толтурулушу үчүн ДССУнун түрк жетекчилери менен кызматташа турганын белгилеген Гебреисус: «Бул азаптуу күнүңүздө биз сиздер мененбиз. Азыр баарыбыз биригип, адамдардын өмүрүн сактап калуу жана азап-кайгыларды жеңилдетүү үчүн тилектештикте бир муштум болуунун убагы»,-деди.
Гебреисус Түркия жана Сирияда каза болгондордун жалпы саны 4 миңден, жаракат алгандардын саны 18 миң 770тен ашкандыгын маалымдады.
Издөө-куткаруу иштеринин убакыт менен жарышып жатканын билдирген ДССУнун башкы директору, уланып жаткан жер титирөөлөр жана жагымсыз кышкы шарттар бул аракеттерди кыйындатканын айтты.
Гебреисус уюмдун байланыш тармагын жана тез медициналык жардам топторун мобилизациялаганын белгилеп: «ДССУ катары Дубайдагы логистикалык борборубуздан үч учак менен эки өлкөгө медициналык каражаттарды жөнөтөбүз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Греция Израилден ракета системасын сатып алат
Бул билдирүү Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан кийин жарыяланды.