Лавров Иракта

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Хусейин Ирактын Тышкы иштер министрлигинде жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1942610
Лавров Иракта

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейин эки тараптуу мамилелерди жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сергей Лавров Ирактын борбор шаары Багдадда Фуад Хусейин менен жолугушту.

Лавров менен Хусейин Ирактын Тышкы иштер министрлигинде жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Хүсейин орус кесиптеши менен 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу абалдарга баа бергендерин белгиледи.

Өлкөсүнүн согуштардан көп жапа чеккенин билдирген Хүсейин: «Орусия-Украина согушунда ок атышпоо чакырыгыбызды кайталайбыз жана бул багытта ташталган кадамдарды колдойбуз. Биз бул эл аралык кризисти тынчтык сүйлөшүүлөрү менен токтотууну жактайбыз»,-деди.

Ирактын тышкы иштер министри орус компанияларынын Ирактагы мунай жана газ кенине инвестиция салуулары тууралуу айтып жатып, мындай деди: «Биз шаршемби күнү Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жогорку деңгээлдеги делегация менен барабыз. АКШда Орусияга каршы санкция маселесин талкуулайбыз. Бул санкциялар Иракка (өлкөдөгү орусиялык компаниялар) колдонулбашы керек. Анткени биздин Орусия менен кызматташтыгыбыз Ирак тармагында уланууда жана активдүү орусиялык компаниялар бар»,-деп айтты.

Лавров ошондой эле Ирак менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарды жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшкөндөрүн, эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобунун жакын арада Багдадда жыйын өткөрө турганын билдирди.

Лавров ирактык кесиптеши менен Перс булуңундагы окуяларды да баалагандарын айтып:«Ирак менен аймактык өнүгүүлөр жана Палестина маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз»,-деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Ирактагы жолугушууларынын алкагында президент Абдуллатиф Рашид, премьер-министр Мохаммед Шиа ал-Судани жана башка расмий адамдар менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар