Зеленский: «24-февралдан бери 1762 украиналык орус туткунунан кутула алды»
Зеленский Telegram аккаунтундагы видео постунда Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы туткун алмашууда дагы 116 украин аскери бошотулганын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус-украин согушу башталган 2022-жылдын 24-февралынан бери жалпысынан 1762 украиналык орус туткунунан кутулганын билдирди.
Зеленский Telegram аккаунтундагы видео постунда Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы туткун алмашууда дагы 116 украин аскери бошотулганын белгиледи.
Туткундарды алмаштыруунун бир нече айдан бери уланып жатканын белгилеген Зеленский: «24-февралдан бери 1762 украиналык орус туткунунан бошонууга жетише алды»,-деп айтты.
Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгилеген Зеленский Украинага курал-жарак жардам берүү темасын сүйлөшкөнүн билдирди.
Украиналык аскерлердин Британияга таандык Челленджер 2 танктарын колдонуу боюнча билим ала баштаганын баса белгилеген Зеленский: «Адамдарыбыз (жоокерлер) Британияда Челленджер танктары боюнча машыгууларды баштады»,-деди.
Өлкөсүндө 346 күндөн бери согуш жүрүп жатканын эске салган Зеленский эң оор кагылышуулардын Украинанын Донецк облусунда болгонун баса белгиледи.
Тектеш кабарлар

Греция Израилден ракета системасын сатып алат
Бул билдирүү Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан кийин жарыяланды.

Орусиядан континенттер аралык ракеталык машыгуу
Ярс ракеталарынын учуу аралыгы 11-12 миң километр деп белинет.