Захарова: «Евробиримдик өлкөлөрүнүн тынчтыкка чакырыктары эки жүздүүлүк»

Захарова жазуу түрүндөгү жарыясында жума күнү Украинанын борбор шаары Киевде өткөрүлгөн Украина-Европа Биримдиги саммитине баа берди.

1942098
Захарова: «Евробиримдик өлкөлөрүнүн тынчтыкка чакырыктары эки жүздүүлүк»

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрүнүн тынчтыкка болгон чакырыктары «эки жүздүүлүк» экенин билдирди.

Захарова жазуу түрүндөгү жарыясында жума күнү Украинанын борбор шаары Киевде өткөрүлгөн Украина-Европа Биримдиги саммитине баа берди.

Батыштын согушта Украинаны колдогонуна көңүл бурган Захарова: «Бул саммит ЕБ Орусияны алсыратып, АКШнын жана НАТОнун гегемондук умтулууларына кызмат кылуу үчүн Киевдеги нацисттик режимди ойлонбой колдоп жатканын дагы бир жолу тастыктады»,-деп айтты.

Евробиримдиктин Украинадагы согуш үчүн 12 миллиард евро бөлгөнүнө көңүл бурган Захарова, «бул карапайым калктын өлүмүнө себеп болгонун» баса белгиледи.

Захарова:«Европа Биримдигине кирген өлкөлөр жаңжалды улантуу үчүн «канчага созулса созулсун» түшүнүгү менен инвестиция салууга даяр экенин билдиришкенде, тынчтыкка чакырыктар эки жүздүүлүк болуп саналат»,-деди.

Захарова Орусиянын Украинадагы «атайын аскердик операция» максаттарынын ишке ашарын жана мунун саммитке келгендердин көңүлүн калтыра турганын айтты.



Тектеш кабарлар